Бишкек.12.12.2018.Govori.TV
Бүгүн, 12-декабрь «Адабият күнү » салтанаттуу иш-чаралар менен белгиленет. Жер-жерлерде бул майрамды белгилөөгө аракеттер көрүлүүдө.
Жогорку Кеңеште 2011-жылы Улуттук адабият күнүн бекитүү туралуу токтомдун долбоору талкууга коюлуп, анын жыйынтыгында 12-декабрь адабият күнү катары белгилене турган долбоор кабыл алынган.
Мындай демилгени көтөрүп чыккан ошол кездеги КСДП фракциясынан депутат Эгемберди Эрматов 12-декабрь белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болгондуктан адабият күнү катары тандалып алынганын билдирген. Улуттук адабият күнүндө жазуучулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, мыкты жазуучу жана драматургдарга сыйлыктар берилет. Айрыкчы бул күнү Жазуучулар союзу жылдык отчетун берет.
12-декабрь маркум жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Ал 2008-жылы 10-июнда оорудан көз жумган. Ушул эле күнү новатор акын Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда узакка созулган илдеттен улам көз жумган.