13-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 39 учуру катталган. Анын ичинде экөө АКШ жана Казакстандан келгендер. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Маалыматка ылайык, 27 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан 10 өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган.
Анын ичинде:
«13-июлга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Бирок акыркы жумада эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден жогору, бул оорунун көбөйө баштаганын көрсөтүп турат»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 282 учуру катталган.