Кыргызстанда 12-январга карата коронавирус 465 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы учурлар:
Акыркы суткада 97 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 523 бейтап, амбулатордук түрдө 1 514 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 529 киши айыгып чыкса, 2 миң 823 адам каза болду.