12-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 719 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 500 адам;
— Чүй облусунда 96 адам;
— Ош облусунда 20 адам;
— Ош шаарында 37 адам;
— Жалал-Абад облусунда 10 адам;
— Баткен облусунда 34 адам;
— Нарын облусунда 1 адам;
— Ысык-Көл облусунда 15 адам;
— Талас облусунда 6 адам.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 10 миң 629 адамга жетти.