• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн «Ала-Тоо» аянты автоунаалар үчүн жабылат

31 Баш оона 202313:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата бүгүн, 31-август «Ала-Тоо» аянты автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аянтта негизги майрамдык иш-чаралар өтөт. Ага байланыштуу коопсуздукту камсыздоо максатында «Ала-Тоо» аянты саат 17:00дөн 00:00гө чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Количество просмотров: 94