Борбордук Ала-Тоо аянтында Манастын айкели турган жердин астындагы конструкциялар демонтаждалып, толугу менен оңдолду.
Ремонт учурунда эстелик алынган болчу.
Буга чейин, мэриядан билдиришкендей Ала-Тоо аянтында Манас эстелигинин астыңкы бөлүгү оңдолмок. Эстеликти жаап турган плита, эстеликтин өзү жана астыңкы пайдубал алынып салынды. Долбоордук документтерге ылайык, эстеликтин бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзүп, жогору көтөрүлгөн сайын акырындык менен 2,5 метрге чейин ичкерилет. Белгиленгендей, эстелик 10,3 метр бийиктикти түзөт.