• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн, Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

14 Аяк оона 2018 8:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек 15.09.2018. Govori.TV
Бишкектин айрым көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул туралуу бүгүн, 14-сентябрда «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:30дан 18:00гө чейин Көк-Жар конушунда (Керемет, Кулмурзаев, Куйручук, Арстанбап, Молдокулов көчөлөрү), Бакай-Ата конушунда (Анар, Кыз-Сайкал, Жийделүү, Байсак, Эр Табылды, Ак уул, Жээк көчөлөрү) жана Дордой конушунда жарык өчөт.
Мындан сырткары саат 09:30дан 12:00гө чейин Жумабек көчөсүндөгү №9 үй, саат 13:00дөн 18:00гө чейин Абдрахманов (№97, 99, 101-үйлөр), Линейная (№39), Бөкөнбаев (№76,78), Үсөнбаев (№3, 24), Шопоков (№29, 29/1, 30), Ибраимов (№26,28-үй) көчөлөрү, 9:00дөн 18:00гө чейин 7-кичи район (№4-үй), 9:00дөн 17:00гө чейин Достук кичи району (№1А-үйү), 9:30дан 17:00гө чейин Лагерь, Островский, Матыев көчөлөрү, Лагерь туюк көчөсүндө, саат 9:00дөн 18:00гө чейин Чоң-Арык айылында, 110-квартал, 9:30дан 18:00гө чейин Тоголок Молдо, Сыдыков, Киев көчөлөрүндө, саат 9:30дан саат 18:00гө чейин Ямбург, Кожобергенов, Мусулманкулов көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Количество просмотров: 34