• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бүгүн Бишкектин бир нече көчөсүндө жарык өчөт

2 Чын куран 2021 9:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-апрелде, Бишкектин айрым көчөлөрүнө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарык өчө турган аймактардын тизмеси:

  • Саат 9:00дөн 12:00гө чейин — Бөкөнбаев көчөсүнүн бөлүгү;
  • 9:00-13:00 — Логвиненко көчөсүндөгү №59 үй;
  • 9:00-18:00 — Токтогул, Жаш Гвардия, Абдумомунов, Пушкин көчөлөрүнүн бөлүгү, Эркиндик проспекти, Арча-Бешик конушунун Алты-Түтүн, Эр Тайлак, Кривоносов, Күйүков, Чортеков, 19-линия, Садырбаев көчөлөрү, Ала-Арча конушунун Матисаков көчөсү, Чоң-Арык конушунун Семетей көчөсү;
  • 9:10-14:00 — Көк-Жар конушунун №3, 4, 5, 1/1, 19 үйлөрү;
  • 9:30-14:00 — Политехника, Таш-Көмүр, Ахунбаев, Токтоналиев көчөлөрүнүн бөлүгү, Горном тар көчөсү;
  • 9:30-18:00 — Муса Жалил, Ялтинский, Пархоменко көчөлөрүнүн бөлүгү;
  • 9:30-18:30 — Жибек Жолу проспектинин Черкес тар көчөсүнөн Кантемиров көчөсүнө чейин, Дордой-2 конушу, Эне-Сай конушунун түндүк-чыгыш тарабы, Келечек конушунун чыгыш тарабы;
  • 12:00-15:00 — Киргизия-1 конушунун Восточный, Самойленко көчөлөрү;
  • 12:00-17:00 — Жантөшев, Ахунбаев, Бектенов, Руставели көчөлөрүнүн бөлүгү, Балхаш, Сум тар көчөлөрү;
  • 13:00-17:00 — Жибек Жолу көчөсүнүн №641 үйү.
Количество просмотров: 195