• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бүгүн Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси өтөт

21 Теке 2022 9:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Саммитине катышуу үчүн Казакстан менен Өзбекстандыгн президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 20-июлда келди. Түркмөнстан жана Тажикстандын президенттеринин келиши да күтүлүп жатат.

Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги Консультативдик жолугушуусунун алкагында регион өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Количество просмотров: 77