• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бүгүн борбор калаанын кээ бир райондорунда электр жарыгы өчөт

23 Баш оона 2021 9:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-августта Бишкектин айрым райондордун электр жарыгы жок болот. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, атайы кызматкерлер көмөк чордондордогу жабдууларды оңдоп, башка пландык жумуштарды аткарышат.

Электр жарыгы өчүрүлө турчу аймактар:

  • Саат 9:00дөн 13:00гө чейин — Чокморов көчөсүндөгү №185 үй;
  • Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Садырбаев, Гагарин жана Купянская көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • Саат 9:00дөн 18:00гө чейин — Серегина көчөсүнүн бир бөлүгү, Арча-Бешик жаңы конушунун Шабдан, Шералиев, Шербет, Ак-Туз, Кара-Кужур көчөлөрү жана Ала-Тоо конушунун Ара-Көл, Талды-Булак жана Улук-Тоо көчөлөрү;
  • Саат 9:30дан 14:00гө чейин — Тунгуч кичи району (№ 57, 59-64, 64/1, 64/2, 67, 68, 70, 71 үйлөр);
  • Саат 9:30дан 17:00гө чейин — Малдыбаев көчөсүндөгү № 34а үйү;
  • Саат 9:30дан 18:00гө чейин — Жайылган, Шаты, Оберон, Бегматов жана Берекет көчөлөрү;
  • Саат 9:30дан 18:30га чейин — Салиев жана Ялтинская көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • Саат 13:00дөн 17:00гө чейин — Тимирязев көчөсүндөгү № 67 үй.
Количество просмотров: 81