• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бүгүн үч шаардык кеңешке кайра шайлоо башталды

11 Теке 2021 8:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо бүгүн, 11-июлда эртең менен саат 8:00дө башталды. Добуш берүү кечки саат 20:00гө чейин болмокчу.

Кайра шайлоодо Бишкек шаарында 18, Ош шаарында тогуз, Токмок шаарында алты партия ат салышууда. Ал эми кайра шайлоодо 617 миң 517 киши катыша алат.

Анын ичинен Бишкекте шайлоочулардын тизмесине 426 миң 699, Ош шаарында 152 миң 718 жана Токмокто 38 мин 100 шайлоочу кирген.

Кечээ, 10-июлда үч шаардын кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо көчмө урна менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жүрдү.

Бишкек шаарында шайлоо тилкесинен тышкаркы жерден добуш берүү үчүн 138 шайлоо тилкесинен 2602 жаран арыз жазган болчу. Ал эми Ош шаардык кеңешинен көчмө урнадан добуш берүүгө арыз жазган  1168 шайлоочу азыр жазса, Токмок шаарында 20 шайлоо тилкесинен 222 шайлоочу арыз берген.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров да 10-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо тилкесинен тышкары добуш берди.

Ал эми шайлоого байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоонун жүрүшүндө 83 мыйзам бузуу фактылары аныкталганын кабарлады.

Алардын ичинен шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу боюнча 65, добуш сатып алуу боюнча 11, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларга карата коркутуу жана кысым көрсөтүү боюнча беш факты.

Талапкерлерди каттоонун жол-жоболорун бузуу боюнча бир жана участкалык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына байланыштуу дагы бир иш.Фонд үгүт эрежелерин бузуу боюнча 65 фактынын ичинен Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына 52 арыз жана кайрылууларды берген. «Жалпы иш» эң көп мыйзам бузуу Ошто болуп жатканын кошумчалады. Бишкек шаарында 24, Токмокто жети факты катталган.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 10-июлга караган түнү өткөргөн жыйынында «Ынтымак» партиясын Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтетти. Буга «Жалпы иш» коомдук фондунун арызы негиз болду.

Эскерте кетсек, 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

Мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине болгон шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген

Количество просмотров: 90