Бүгүн, 10-июнда Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чаралары өтөт. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар катышат.
Улуттук илимдер академиясынын Айтматов атындагы Тил жана адабият институту “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жазуучуну эскерет, анын чыгармаларынан атайын даярдалган үзүндүлөр көркөм окулат.
Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.