• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү

12 Бештин айы 2022 9:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Улуттук адабият күнүнө карата бир катар иш чаралар өтөт.

Маалым болгондой, саат 14:00дө Киев көчөсүндө жайгашкан Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюлат жана Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасы тарабынан уюштурулган флэшмоб өтөт.

Ал эми саат 17 00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук акдемиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган адабий кече өтүп, «Алтын калем» сыйлыгы тапшырылат. Андан соң «Кылым карытар бир күн» спектакли көрсөтүлөт.

Кыргызстандын дүйнөгө таанымал белгилүү жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.

Ал “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

Количество просмотров: 170