• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бүгүн COVID-19 жуктургандар катталган жок

7 Чын куран 2022 11:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыгып, илдеттен каза болгондор катталган жок.

«Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 90 бейтап, амбулатордук түрдө 19 адам дарыланууда»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери өлкөдө 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 279у сакайып, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 67