• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бүгүн да COVID-19дун жаңы учурлары катталган жок

12 Чын куран 2022 10:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 12-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен айыккандар жана каза болгондор дагы катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 72 бейтап, амбулатордук түрдө 13 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 970 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 303 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 66