• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бүгүн үй, транспорт жана жер салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү

1 Аяк оона 2023 10:00 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 1-сентябрда транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салыктарды төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү.

Мамлекеттик салык кызматы ушуга байланыштуу төлөй элек жарандарды бүгүн салык милдеттенмесин аткарууга чакырат.

Салыкты банктардын кассалары, почта бөлүмдөрү, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдары, төлөм карталары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Количество просмотров: 93