• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бүгүн Казак президентинин туулган күнү

17 Бугу 201911:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 17-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 66 жашка толду.

Касым-Жомарт Токаев 1953-жылы Алмата шаарында төрөлгөн. Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун окуп бүтүрүп, 1975-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигине кызматка кирип, Сингапурдагы элчиликке жөнөтүлгөн.

Токаев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары, тышкы иштер министри, премьер-министрдин орун басары, премьер-министр, депутат болуп иштеген. Ошондой эле БУУнун башкы катчысынын орун басары кызматын да аркалаган. Ал эми 2013-жылы Парламент сенатынын төрагасы болуп шайланган.

2019-жылдын 20-мартында Астана шаарында Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев ант берген.

Количество просмотров: 26