• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бүгүн Казакстанда Улуттук аза күтүү күнү

10 Үчтүн айы 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январда коңшу Казакстанда январь айындагы баш аламандык учурунда каза болгондорго байланыштуу 10-январды Улуттук аза күтүү күнү.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды өлкөдөгү башаламандыкта курман болгондорду эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган. Башаламандык учурунда бир нече кагылышуулар орун алган жана курмандыктар бар. Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келген. Ал Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында Казакстандагы кырдаалды “мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирип жатат” деп атап, ЖККУга жардам сурап кайрылганын билдирген. Уюмга мүчө мамлекеттер Казакстанга жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтүшкөн.

Количество просмотров: 90