Бүгүн 16-декабрда кечки саат бештерде жол кырсыгы болуп, андан адам өлгөн. Бул тууралуу маалыматты милиция тастыктады.
Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүндөгү жүргүнчүлөр өтө турган жерден аял коляска сүйрөп өтүп бара жатканда аны КамАЗ унаасы сүзүп кеткен.
Аял алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон, ал эми коляскадагы ымыркай ооруканага жеткирилген.
Бул окуя боюнча териштирүү башталып, адамды сүзгөн унаа айып токтотмого алып келинген.
Бардык экспертизалар дайындалып, тиешелүү иштер башталды.