Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 23-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча иш каралат.
Өткөн аптада ишти карап жаткан сот кийинки жараянды 23-декабрга, саат 14.00гө белгилеген. Жараянга Атамбаев алып келиниши күтүлүүдө.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен чогуу «Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция», «Терек» сурма кениндеги коррупция», «Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу» деген үч эпизоддон турган кылмыш ишине байланыштуу айыпталууда.