• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кой-Таш окуясы боюнча айыптоо актысы окулду

30 Бугу 202211:22 Бишкек Govori.TV

Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 30-майда прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча айыптоо актысын окуду. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында айып Кылмыш-жаза кодексинин он чакты беренесинин негизинде тагылып жатат. “Айыптоо актысы 2 жыл 9 айдан кийин окулду” деп кошумчалады Жоошев.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча колго түшүрүү операциясы 2019-жылы август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында, Атамбаевдин үйүндө өткөрүлгөн. Операция учурунда бир адам каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Количество просмотров: 2206