• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдан Карамушкинаны чыгарып салышты

8 Баш оона 2022 16:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум өтүп жатат. Сөз мурдагы депутат Ирина Карамушкинага берилип, ал президентке кайрылды.

«Президент Садыр Жапаровго, мурдагы кесиптешиме кайрылгым келет. Ал Кой-Таш окуясы жана андан кийинки окуялардын аркасы менен президент болгон. Сот отурумдары жасалма создуктурулуп келет», — деди ал.

Карамушкина сүйлөп жаткан учурда залда ызы-чуу орун алып, ал сот залынан чыгарылды.

Эске салсак, 2019-жылы 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күч менен алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган. Эртеси 8-августта Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 2812