• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бүгүн кыргыз валютасы — сомдун кабыл алынганына 29 жыл толду

10 Бугу 202210:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн кыргыз сомунун кабыл алынган күнү. Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин, 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган.

Союз тарагандан кийин 1993-жылы апрелде улуттук валютаны кабыл алуу демилгеси көтөрүлүп 350 депутаттан турган легендарлуу парламенттин колдоосуна коюлган. Көптөгөн талаш тартыштардан кийин 10-майда сунуш кабыл алынган.

Биринчи чыгарылыштагы банкнотторго кыргыздын элдик баатыры Манастын сүрөтү тартылган. Кийинки акчаларга өлкөнүн белгилүү инсандары композитор Абдылас Малдыбаевдин, бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын, окумуштуу Касым Тыныстановдун, акын Тоголок Молдонун, Токтогулдун, Алыкул Осмоновдун, Алай ханышасы Курман Датканын, манасчы Саякбай Каралаевдин, Жусуп Баласагындын жана актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрү түшүрүлгөн.

Союз тарагандан кийин Кыргызстан коңшу өлкөлөр арасында биринчилерден болуп өзүнүн улуттук валютасын киргизген. Андан кийин 1993-жылдын ноябрь айында Казакстан теңгени, анын артынан Өзбекстан сумду, Тажикстан сомонини өз рыногунда жүгүртө баштаган.

Количество просмотров: 524