• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Кыргызстан-Филиппин курамасы беттешет

16 Үчтүн айы 201918:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.2018.Govori.TV.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн чечүүчү таймашка филиппиндик атаандаштары менен оюн талаасына чыгат. Таймаш Дубайдагы Rashid Stadium стадионунда өтүп, Бишкек убактысы менен 19.30да башталат. Эскерте кетсек, улуттук команда буга чейин тайпалаштары Кытай 1:2 жана Түштүк Кореядан 0:1 эсебинде утулуп калган. Бирок филиппиндиктерди жеңсе, үчүнчү орундан плей-оффко чыга турган төрт команданын катарынан орун алат. 

Эгер утулуп калса, кыргызстандыктар үйгө кайтмакчы. Ушу тапта улуттук курама тайпада үчүнчү орунда турат. Дарбазага киргизген жана өз дарбазасына кирген топторунун саны боюнча бүгүнкү атаандаштардан алдыда. Эки команданын тең упайы жок. Кыргызстан менен Филиппин командалары буга чейин жолдоштук беттеште ойногон, анда кыргызстандыктар 1:2 эсеби менен утуп алган.

Количество просмотров: 66