• Шейшемби 7 Теке 2026
  • Вторник 7 Июль 2026

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты: Ала-Тоо аянтында фан-зона ачылат

7 Теке 202613:53 Бишкек Govori.TV

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине карата Бишкектеги Ала-Тоо аянтында расмий түрдө ири фан-зона ачылат. Иш-чара 19-июлда өтөт.

  • 21:00 — 4 сааттык масштабдуу шоу-программа башталат;
  • 01:00 — Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинин түз эфирдеги көрсөтүүсү.

«Футбол күйөрмандары жана борбор калаанын коноктору үчүн финалдык оюн чоң LED-экран аркылуу жогорку сапатта жана үн коштоосу менен көрсөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, фан-зонанын аймагында фудкорт, оюн-зоок аянтчалары уюштурулуп, баалуу белектер менен байгелер ойнотулат. Шоу-программанын алкагында башкы музыкалык конок катары белгилүү рэп аткаруучу Ulukmanapo өнөр көрсөтөт.

Количество просмотров: 20