• Дүйшөмбү 13 Теке 2026
  • Понедельник 13 Июль 2026

Футбол: Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан командалар аныкталды

13 Теке 202611:29 Бишкек Govori.TV

 Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына Франция, Испания, Англия, Аргентина өттү.

Франция менен Испаниянын беттеши 14-июлда, ал эми Англия менен Аргентина беттеши 15-июлда өтөт.

Үчүнчү орун үчүн беттеш 18-июлда болот. Финалдык беттеш 19-июлда АКШнын Ист-Ратерфорд шаарындагы “Meтлайф Стэдиум” стадионунда өтөт.

Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат быйыл АКШ, Мексика жана Канадада өтүп жатат.

Количество просмотров: 62