• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бүгүн мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады

2 Аяк оона 20249:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 2024-2025-окуу жылынын башталышында жалпы билим берүүчү мекемелердин 1-4-класстарына биринчи сабак “Билим – бул күч” темасында өтүлөт.

Сабак Кыргызстандын түптөлүшүнө жана билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар, билимдин маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүү максатын көздөйт.

Ал эми 5-11-класстын окуучуларына биринчи сабак “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өткөрүлөт.

Количество просмотров: 65