• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте мектептеги мыйзамсыз акча чогултуу боюнча иш козголду

12 Кулжа 202617:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарында жайгашкан №24 мектебинин жооптуу кызматкерлери тарабынан окуучулардын ата-энелеринен мектепти оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн мыйзамсыз акча каражаты чогултулуп, жалпы чогултулган акчанын суммасы 1 131 450 сомду түзгөндүгү жана акча каражаттардын бир бөлүгү билим берүү мекемесинин кызматкеринин жашаган жеринде сакталгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 195