• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

2027-жылдан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйөт

10 Кулжа 202619:10 Бишкек Govori.TV

2027-жылдын 1-январынан баштап окуучунун мектептеги бир күндүк тамак-ашын каржылоо ченеми 40 сомго чейин жогорулатылат. Тиешелүү чечимди президент Садыр Жапаров кабыл алды.

Азыркы учурда жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусу республикалык бюджеттин эсебинен бир окуучуга күнүнө 14 сом өлчөмүндө каржыланат.

Ошол эле учурда балдардын ден соолугу, алардын толук кандуу тамактануусу жана сергек жашоо мүнөзүнүн туруктуу негиздерин калыптандыруу маселелери өлкөнү узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү.

Ушуга байланыштуу, мектепте сапаттуу тамактанууну камсыз кылуу мамлекеттин социалдык милдеттенмеси гана эмес, өлкөнүн келечегине багытталган инвестиция катары да каралат.

Каржылоо ченемин 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-аштын ар түрдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле белок, май жана углеводдор боюнча тамактануунун тең салмактуулугун жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысынын бул чечими өлкө аймактарындагы мектептеги тамактанууну уюштуруудагы айырмачылыктарды азайтууга, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн кошумча каржылык жүгүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

Президенттин чечимин ишке ашыруу максатында Финансы министрлигине 2027-жылдын 1-январынан баштап мектеп тамак-ашынын жаңы нормативин каржылоо үчүн зарыл бюджеттик каражаттарды кароо тапшырылды.

Количество просмотров: 6