• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бүгүн Оренбургдан 413 жаран келди

24 Бугу 2020 12:09 Бишкек Govori.TV

Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда калган Кыргызстандын 413 жараны  кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9 автобустан түзүлгөн колонна 2 сутка бою Казакстандын аймагында ачылган транзиттик коридор менен келген.

«Жүргүнчүлөрдүн баары бекитилген тартип боюнча обсервацияга жаткырылат»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган министрлик Кыргызстандын жарандарын Россия менен Казакстандын чек арасы ачылмайынча ал тарапка барбоого жана каттамдар жандангыча күтүүгө чакырган.

Количество просмотров: 193