• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусия -казак чек арасында ара жолдо калгандардын саны 3 миңден ашты

16 Аяк оона 2020 17:39 Бишкек Govori.TV

Орусия менен Казакстандын чек арасында топтолгон жана ал жакка бараткан кыргызстандыктар баштапкы маалымат боюнча 3300гө жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдиргенин «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, ара жолдо калгандар Оренбург жана Самара облустарында топтолгон.Алар күн сайын кыргыз бийлигине кайрылып, маселени чечүүнү өтүнүүдө.

«Сүйлөшүп жатабыз. Чек ара качан ачылары жөнүндө Казакстан жооп бере элек», — деп билдирген Жекшенкулов.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Казакстан чек арасын жаап, эркин каттоого уруксат бере элек. Кыргыз өкмөтү буга чейин сүйлөшүү жолу менен атайын коридор ачтырып, бир нече жолу жарандарды алып өткөн болчу.

Количество просмотров: 321