Бүгүн, 7-майда байланыш жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Бул күнү 127 жыл мурда орус физиги Александр Попов радио ойлоп тапкан.
Кыргызстанда радио түйүндөр 1927-жылы иштей баштаган, 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин Элдик Комиссарлар Советинин алдында Радиокомитет уюштурулган.
Кошумчалай кетсек, өлкөдө 50 радиостанция бар, алардын төртөө мамлекеттик.