• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бүгүн Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталды

26 Жетинин айы 2023 14:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26- ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрү башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, делегацияны маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев жетектейт.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 дө Анкара Мамлекеттик искусство жана жана айкел музейинде КР Маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз кино күндөрү жана Анкара Чоң театрында Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн расмий ачылышы өтүп, ал кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн көзгөзмөсү менен коштолот.

Учурда чыгармачылык топ Анкара шаарында. Алар кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрүн көрсөтүү үчүн даярданып жатышат.

Количество просмотров: 100