• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бүгүн Ташкенттеги автобустар жаштардан жол кире албайт

30 Кулжа 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Ташкенттеги автобустар Өзбекстанда 30-июнда белгилене турган Жаштар күнүнө карата бүгүн 14 жаштан 30 жашка чейинки жүргүнчүлөрдөн жол кире албайт. Бул тууралуу «Газета.уз» сайты калаанын акимчилигине шилтеме кылып кабарлады.

«Тошшахартрансхизмат» компаниясынын маалыматына караганда, жаштар өкмөттүн 1-июндагы жыйынында кабыл алынган протоколдун негизинде бекер ташылат. Ошол эле маалда билдирүүдө жүргүнчүлөрдүн жаш курагы кантип аныкталары так көрсөтүлгөн эмес.

Өзбекстанда Жаштар күнү 2018-жылдан бери белгиленип келет. 2017-жылы 30-июнда жаштардын «Камолот» коомдук уюму Жаштар бирлиги болуп кайра түзүлгөн. Анда кыймылдын курултайында сүйлөгөн президент Шавкат Мирзиёев жыл сайын 30-июнда Жаштар күнүн белгилөөнү сунуштаган.

2020-жылы июнда президент мамлекеттин жаштар саясатын ишке ашыра турган орган катары Жаштар иштери боюнча агенттик түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

2022-жылдын аягында Министрлер кабинетинин курамында Жаштар саясаты жана спорт министрлиги түзүлгөн. Ага чейин иштеп келген Жаштар иштери боюнча агенттик жаңы министрликтин бир бөлүгү болуп калган.

Количество просмотров: 103