Майрам күнү борбор калаанын муниципалдык коомдук транспорту саат 5:50дөн 22:00гө чейин кадимки режимде жарандарды тейлейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, 21-марттан тарта 115 троллейбус жана 120 муниципалдык автобус каттайт.
Ошондой эле, «ЭкоПассенджер Транспорт» ЖЧКсынын 131 автобусу, «МП АламүдүнАвтоТранс» ишканасынын 4 автобусу, 625 муниципалдык кичи автобус жана 1196 кичи автобус линияга чыгат.