• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн унаа, эртен турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күндөрү

1 Аяк оона 2020 12:09 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы эскертет, бүгүн, 1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү.

Эртен, 2-сентябрда турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө жетише элек жарандарды төлөө мөөнөттөрү аяктаганга чейин салыктардын төлөөгө чакырат.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Количество просмотров: 73