Бүгүн 12-декбарда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзүү тирүү болгондо 92 жашка чыкмак.
Кыргызстандын дүйнөгө таанымал белгилүү жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.
Ал “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.