• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бүгүн “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” долбоорго каршы митинг өтөт

30 Кулжа 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-июнда Ак үйдүн алдында жарандык коомдун өкүлдөрү “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митингге чыгат. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 28-июнда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.

Кошумчалай кетсек, Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтолуп жатат. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталды. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөп жатышат.

Количество просмотров: 109