• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өтөт

28 Жетинин айы 2019 9:35 Бишкек Govori.TV

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри​ 28-ноябрда Бишкекке чогулуп, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясын өткөрүшөт.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан төрагалык кылган 2019-жылы уюмда коопсуздук маселелерине, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга, аскердик-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылык берилди.

Бишкекте өтчү саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп, уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.

Ага КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев да катышат.

Бишкек ушул жыйында уюмга төрагалык милдетин жыйынтыктайт.

Количество просмотров: 45