Бишкекте 12-сентябрда саат 23:00дө Жибек Жолу проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишин жапканы жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Кесилиш 13-сентябрда саат 08:00дө ачылат.
Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин оңдолот. Буга чейин оңдоп-түзөөдөн кийин түштүк тарабындагы Абдрахманов көчөсүнөн А.Сүюмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылган.
Учурда Жибек Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн А.Сүюмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү түндүк тарабы жабылды.
Белгилей кетсек, Жибек-Жолу проспектиси Тоголок-Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин реабилитация болот.