• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат

6 Үчтүн айы 202211:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-январь саат 14:00дө Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында коңшу Казакстан мамлекеттиндеги кырдаал боюнча маселе каралат.

2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаев кызматтан кетти. Казакстандын баардык шаарларында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилди. Карапайым калк менен коопсуздук кызматкерлери ортосунда кагылышуу токтой элек.

Количество просмотров: 121