• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кытайдан Кыргызстанга жашылча-жемиштер менен грек жаңгагы импорттолот

28 Үчтүн айы 2020 12:22 Бишкек Govori.TV

Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга жашылча-жемиштер менен грек жаңгагы импорттолот. Бул тууралуу Өсүмдүктөр карантини департаментинин директору Иличбек Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Кытайда пайда болуп, кеңири тарап жаткан вирус айыл чарба продукциялары аркылуу жукпайт.

«Кытайдан Кыргызстанга жашылча-жемиштер менен грек жаңгагы импорттолот. Ал эми жашылча-жемиштер аркылуу аталган вирус жукпайт. Коронавируска карата үстүбүздөгү жылдын 1-февралына чейин чек ара жабык турат», — деп билдирди Иличбек Марсбек уулу.

Мындан сырткары, ал Кытай продукциясына толук чектөө киргизсе, айыл чарба продукциясына кандай таасир тийгизиши мүмкүн, бул багытта анализ жүргүзүп, бир чечимге келише турганын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда чыккан коронавирус 4 миң 515 адамга жугуп, алардын ичинен 106 адам каза болгону айтылууда.

Количество просмотров: 424