• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз–кытай чек арасы убактылуу жабылат

28 Чын куран 202614:31 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик Чек ара кызматы Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы убактылуу жабыларын эскертти. Мекеменин басма сөз кызматы 28-апрелде маалымдагандай, чек ара жабылышы кытай тараптын демилгеси менен ишке ашууда.

Кытайда «Эмгек майрамын» майрамдоого байланыштуу 30-апрелде саат 22:00дон тартып «Эркечтам», «Торугарт» чек ара бекеттери жабылат. 2-майда, саат 8:00дөн тартып ишин жандантат.

Ал эми «Бедел» өткөрүү пункту 1-майдан 5-майга чейин жабык болуп, 6-майда саат 8:00дө ачылат. Бул аралыкта өткөрмө бекеттен адамдар да, транспорт жана жүк ташуучу унаа да өткөрүлбөйт.

Количество просмотров: 112