• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанга реалдуу түрдө 120,8 млн доллар келди

29 Чын куран 2020 12:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанга реалдуу түрдө 120,8 млн доллар келди

“Өлкөнүн бюджетинде кирешелик жоготуулардан улам, биз тышкы жардам катары башка жолдорду издеп жатабыз. Пандемиянын айынан чек аралар жабылды, бул бажы жана салыктар жактан биздин негизги кирешелерибизди кыскартты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга жалпы суммасы 120,8 млн долларга тышкы жардам келип түштү, бул каражат бюджеттин чыгашаларын жабууга багытталды”, — деп билдирди вице-премьер-министр Э.Асрандиев.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигине 700 миӊ доллар келген.

“Акча каражаты катары тышкы жардам жеӊилдетилген насыялар же тышкы карыздын эсебинен пайызсыз насыялар катары келүүдө. Алардын баарын кайтаруу зарыл”, — деп белгиледи Э.Асрандиев.

Количество просмотров: 107