• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев президент Нарынга 807 млн сом бөлгөнүн айтты

25 Кулжа 202511:59 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Нарын шаарына 807 млн сом бөлдү. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 25-июнда Нарын шаарында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

Каражат президенттин фондунан бөлүнөт. Ташиев кошумчалагандай быйыл Нарын облусуна бюджеттен 9,4 млрд сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Нарын облусунда тургундардын көйгөйлөрү чечилбей, көңүл бурулбай жатканы айтылган акындын ыры тарап, кызуу талкууга түшкөн. Анда Нарын облусундагы социалдык көйгөйлөрдөн баштап, жол курулушу, жергиликтүү бийликтин элге мамилеси баяндалып, Кыргызстандагы башка аймактарга көңүл бурулганы менен Нарын унутта калып жатканы айтылган.

Количество просмотров: 135