2025-жылдын январь-июль айларында эсептелген орточо айлык номиналдык эмгек акы 42 миң 522 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 20,4%га жогорулады.
«Эң чоң өсүш кыймылсыз мүлк, курулуш, саламаттык сактоо, социалдык тейлөө, мейманкана жана ресторан бизнеси, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, социалдык камсыздандыруу, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармактарында байкалууда», — деп кошумчалады Шокенов.