Бишкек.17.01.2019. Govori.TV.
Бишкек шаарында уюштурулган митингдин катышуучулары аянтты бошотуудан баш тартышып, бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан жолугушууга чыгууну талап кылышкан.
Ушу тапта жолду тосууга аракет кылды деген негиз менен милиция кызматкерлери митингчилердин 20га жакынын кармап, автобустарга салып кетти. Чогулгандар Киев көчөсүнө чейин сүрүлдү. Көп өтпөй чогулган элди тартип сакчылар таратты.