Бөйрөк алмаштырууга 150 адам, боор алмаштырууга 15тен ашуун адам кезекте турат. Мындан тышкары 10дон ашык адам сөөк чучугун алмаштырууну күтүп жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчи радионун эфиринде билдирди.
Сөөк чучугун алмаштыруу, министрдин айтымында, эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жүргүзүлөт. Адегенде химиотерапиядан өтүшөт, анан операция жасашат.
«Чет өлкөгө операция жасаткаанга кеткен жарандар бар. Бул ар бир жарандын тандоосу. Бирок бизге кайрылгандар да бар. Анткени биринчи этапта башка өлкөнүн адистери менен биргеликте операцияларды жасайбыз. Башка өлкөлөрдө бөйрөк алмаштыруу операциялары 50 миң долларды түзөт, боорду алмаштыруу үчүн 50-100 миң доллар керектелет», — дейт министр.