• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бөкөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 30-августка чейин жабылат

7 Теке 2022 10:59 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүнүн Орозбековдон Панфиловго чейинки бөлүгү 30-августка чейин жабылат. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 7-июлдан баштап аталган көчөдөгү жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Жолдун бул бөлүгү менен унаалар жайдын аягына чейин каттай албайт.

«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, альтернативдүү каттамдарды тандап алууну белгилеген.

Количество просмотров: 119