• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бөлтүрүк: «Кумтөрдөгү» бардык программалык система өчүрүлүп, маалыматтар жашырылган

20 Бугу 2021 12:10 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу бүгүн, 20-майда «Кумтөр Голд Компаниге» тыштан башкаруучу болуп дайындалган Теңгиз Бөлтүрүк Жогорку Кеңеште өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөр» алтын кенинин ишин камсыздаган жаңы программалык система киргизилет.

«Бүгүнкү күнү биздин алдыбыздагы эң башкы максат — кендеги ишти турукташтыруу. Ал үчүн тез арада автоматташтырылган башкаруу системасын калыбына келтириш керек»,-деди ал.

Ошондой эле ал 15-майда «Кумтөр» алтын кенининин ишин жүргүзгөн бардык программа блоктолгонун кошумчалады.

«Кумтөрдү иштеткен жетекчилердин өлкөдөн качып, системаны өчүрүп салганы итчилик. Бул «Центтерранын» жетекчилиги тарабынан жасалгандыгы тууралуу негиз жана фактылар бар. Бүгүнкү күндө авариялык пландын үстүндө иштеп жатабыз. Компьютердик системаны калыбына келтирүү үчүн 1-2 ай убакыт жана каражат керек. Айлык берүү маселесин дагы чечүү жолундабыз»,-деп билдирди Бөлтүрүк.

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК “Кумтөр голд компани” ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада “Кумтөрдүн” ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган. Кечээ, 17-майда Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду.

“Кумтөр” Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет.

Количество просмотров: 321